мүдөө

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Тилек, көздөгөн максат, эңсеген ой.
  2. Каалоо, кызыкчылык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бүгүн түндөн калганда, / Күмөн кылат Тапан хан, / Мени берип Сейитке, / Сакалы ылдый жаш кетип, / Зыркырап келип отуруп, / Сени салат кейишке, / Сыр сурайсың туйгузбай, / Мүдөөңдү айтчы ичиңде, / Сөз чынынан бузулбайт, / Мен айтпайым эч кимге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сенин далай кебиңден, / Атам башка окшойт деп, / Күмөнсүнүп мен да жүрөмүн, / Далайдан бери опколжуп, / Токтобой калды жүрөгүм, / Жашырбай айтчы балаңдан, / Түп жайын иштин билейин, / Балалык кылып бирөөгө, / Айтып койот экен, деп, / Болбосун менде күмөнүң, / Ичиңде мүдөөң жүргөнүн, / Мен да билип жүрөмүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эми сенин эмне мүдөөң бар? Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →