мүдүр2

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. диал. Башчы, башкаруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айабай тору ат жүгүрүп, / Анча-мынча жар келсе, / Катар-катар аң келсе, / Туйагын какпай мүдүрүп, / Турбай аттай жүгүрүп, / Өзү түшкөн байагы, / Күн батардын алдында, / Түшкөнчөктү караңгы, / Жете барып кайран ат, / Эңкейип алдын карады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…шып, / Өзөнгө түшүп элирип, / Өпкөлөтө теминип, / Капталга чыгып кагышып, / Кандыргалап жарышып, / Алты катар аң келсе, / Аркан бойуу жар келсе, / Туйак какпай мүдүрүп, / Аттары арыш алышып, / Жөө күрөшүп жыгалбай, / Бирин-бири алалбай, / Найзага кирди туралбай, / Тажиктердин Темирбек, / Туулганы чөмөрүп, / Же өлтүрөм, же өлө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Экинчи Семей сайганда, / Тоосур кетти мүдүрүп, / Семетей сайган найзанын, / Зардабына чыдабай, / Кутургур жандан түңүлүп, / Токто кылып тура албай, / Семетей ойлойт ошондо: / “Эрдик кылып Кутургур, / Кезекке туруп берди, — деп, / Кезегин мунун бербесем, / Атама келет наалат кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Арам өлгөн Кутургур, / Кезегин берип турганы, / Чымырканып Куйалы, / Келип найза урганы, / Тоготуп койбойт Сарыбай, / Салмагынан найзанын, / Мүдүрүп сур ат оңолду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…на теңебей, / Зымырап карап турганда, / Зыңгыраган найзаны, / Саламат келип урганда, / Шер Сейитек ошондо, / Ээрден көчүк бултайып, / Бир жагына кыйшайып, / Ат мүдүрүп оңолуп, / Тунарган көзү ачылып, / Саламатка Сейитек, / Кезегимди бергин, деп, / Эми тийди качырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →