мээнет

китептерде 20 жолу, 7 китепте
  1. Азап, убарасы көп кыйынчылык, түйшүк.
  2. Эмгек, күч-аракет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Темир шаага катышып, / Мени мээнет не басты? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Санаасы сан, кыйал миң, / Калдагай кулак өзү бир, / Мээнет акыл таптырбай, / Ачылбай келет көөнү кир, / Тоо кылкалап жол басып, / Корум таштуу бел ашып, / Күн алтыга жеткенде, / Кашкарга келди жанашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…, / Болбой туруп алганы, / “Кеп кетирип олтурсаң, / Кобурдан кабар алар, — деп, / Кудай урган бул кулжа, / Качып жолго салар, — деп, / Эмгегим кетип талаага, / Мээнетим бекер калар” – дейт: / — Эңкейип кара кулжаны, / Ээк алдыңда арча бар, / Эки жагы жол ачык, / Кетпесин кулжа түз качып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…бекемдеп, / Кара көзгө кан түшүп, / Жарык күн жок үстүндө, / Түмпүйгөн кара түн түшүп, / Улутунуп ич күйүп, / Эстенип чочко үшкүрүп, / Дөөлөтү качып башынан, / Мээнеты арбып кеткен кез. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ээн талаада мен жаттым, / Тамактан башка ишиң жок, / Жок мээнетти не таптың? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →