мээлей
- Салааларын өзүнчө-өзүнчө (беш салаа) же бармагынан башкасы туюк кылып токулган же териден, булгаарыдан тигилип жасалган колго кийилүүчү кол кап.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
эп келет, / Көз жалынын билгенге, / Келтебоз десе эп келет, / Туур сынын билгенге, / Ыбыкыз десе эп келет, / (Табын тапсаң күндө кыз, / Табын таап салбасаң, / Мээлейиң алып көтүң кыс) / Бүркүтүмдө такыр бар, / Мунун бирөө кем эмес, / Суратыптыр мына деп, / Көтөртүп берсем мен сага, / Жалгызегиң не берет?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жайдын күнү кол үшүйт, / Териден мээлей кийбесе!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →