мышык
- Көбүнчө чычкан алып жей турган колдо багылуучу жаныбар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мышыктай Агыш айактап, / Жана келип жармашат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…лсыздан Тапан хан, / Эс-акылы жоголуп, / Чукуп алган немедей, / Көзү кайнап олойуп, / Ат байлоочу казыктай, / Мурду чыгып коройуп, / Калдайган кулак бүрүшүп, / Мышыктан бетер молойуп, / Узун колу кыскарып, / Калгандай сынып чолойуп, / Тактасында кулуйуп: / “Кайдан келип ушул кыз, / Калды мага жолугуп?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Баш көтөрүп Бадыкөл, / Алты урукту басканда, / Коркунчу анда бир болду, / Алты урукту айкөл шер, / Куткарып Манас койгону, / Орусхан-Кыргыз теги, деп, / Баш көтөрбөй мааналап, / Баары мышык болгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ушул мезгилде «бирдемесин бүлдүрүп аламбы» деген кишиче, мышыктай табышын билдирбей чебердеп басып, баягы жолоочу кирип келди, мунун келгенин эч ким байкоос алган да жок.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Асан менен Үсөн бир күчүк, бир мышык алып келишет, баягы чал айткандай кылат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →