мырза

китептерде 47 жолу, 9 китепте
  1. Башкаруу иштерине, бийликке аралашып жүргөн адам; кол алдында иштеген кызматкерлери, малайлары ж.б. бар, көбүнчө анчалык улгая элек адам.
  2. сүйл. Өз боюн, кийим-кечесин тың алып жүргөн жигит; азамат.
  3. өт. Берешен, март, жоомарт.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мырзалары керилип, / Сөз айтардан эринип, / Тыштан келген душманга, / Жазганбай тиет теминип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кымыздан тартып аракты, / Кем-керчи жок керегин, / Келиштире камдашты, / Бир жерге тигип бештен үй, / Мырзалары жай жатты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Сүйлөгөндөн эринген, / Жеңилген нечен мырза көп, / Желбегей чапан жамынган, / Жеткилеңдүү жаштар көп, / Тоту куштай сыланган, / Кыргоол сындуу кыздар көп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Төтөгө мырза элинен, / Түтүнгө барган бирден жан, / Той берет экен жээнге, / Алган конок жээрге, деп, / Алтымыш миң субайды, / Ылгап туруп кошо алган, / Келген элдин коногун, / Мен көтөрөм, деп барган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Мына ушундан баштап падышанын кызы Айжамал менен Мырза көп ойной турган бодду. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →