мынчалык

китептерде 20 жолу, 8 китепте
  1. Мынча, ушунча деген өлчөмдүк маанини же аракеттин канчалык даражада экендигин билдирүү үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Колдору күйүп бырышты, / Доо кетип билек тарамыш, / Ичин карай тырышты, / Билгени жок торгой кыз, / Мынчалык болгон жумушту, / Колу күйсө шыркырап, / Эми кандай болот, деп, / Беттешип турган бек затка, / Эки көзү чачырап, / Өзүнчө туруп ал жерде, / Төрөөттө кара баска… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Мен кенебей турамын, / Мынчалык ишти канча, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Убара болбой мынчалык, / Жатсаң боло шүк эле, - / Бозуул деген бар экен, / Кеп айтканы шар экен, / Тили таттуу, боору таш, / Өзү чүлүк бала экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мынчалык кыргын болгон жок, / Бейжинге кыргыз барганда! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Эрик берип чоң кылдың, / Элирген баатыр зор кылдың, / Ушу бүгүн жараткан, / Не мынчалык кор кылдың? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →