мындан
- Ушундан, мына ушул учурдан, мына ушундан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Манжуга барам мен мындан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…шы менен кирпиги, / Карагайдын чериндей, / Тиштери арсак кырчактай, / Кара бойу мунардай, / Колу- буту чынардай, / Оозу тоонун үңкүрү, / Бул өңдөңгөн адамды, / Мындан мурун ким көрдү, / Касабасы калкылдап, / Кара бойу бүт темир, / Күн чагылып жалтылдап, / Айбаты элди коркутуп, / Тармалкөк менен булкунтуп, / Алы келбей оозуна…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Үч жыл кысыр турчу эле, / Алтайдын Айдыңкөлүнө / Мындан качып барчу эле, / Кардына бала бүткөндө / Кайра келип алчу эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кабарын угуп Жалгызек, / Балапанды сураткан,, / Музой Калча сынчы эле, / Сурап барган кишиге, / Айткан кеби бул эле: / — Балапаным ак канат, / Мындан качып кутулуп, / Алдынан кайсы жан калат?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Мындан башка дагы бир аял жүрөт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →