мындайча
- Ушундайча, мына мындай, ушул сыяктуу деген мааниде колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Козголуп Кошой жөтөлдү, / Мындайча сырын козгоду: / — Ороздунун балдарын, / Ар кайда калмак бөлгөндө, / Ар жорукка көнгөндө, / Банус хан, Дөөкан, Алооке, / Оронгусу кошулуп, / Кармашып көрдү бул төртөө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айжаңжүн мындай дегенде, / Санаага батып бир нече, / Көкчөкөздүн ойуна, / Мындайча кыйал келгени: / “Как жанына күч келсе” / Кармап мени берер,-деп, / Кармап берип ал экөө, / Достошо кетер бекен?-деп, / Мына барам» дебеди / Азыктырып жаңжүңдү, / Качырып жолго кирди эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Деп Канчоро айтканда, / Зор Кыйаз айтат мындайча: / — Жетисуудан Таласка, / Көчө албайым самсаалап, / Жедигерге ээ болбой, / Канчорону мааналап, / Таласка көчүп кетти, деп, / Жер бетинде элдерге, / Мен боломун жаман ат, / Акундун кызы Чүрөктү, / Ааламга салган дүмөктү, / Алып муну нетемин?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Сейтек кабыл алыптыр, / Хан Кыйазга барыптыр, / Мындайча айтып калыптыр: / — Жылкыга барып келемин, / Кайыпчынын өрөөндө, / Кайыбы кеңир деп угам, / Биздин жерде кайыптан, / Он эки айры бугу бар, / Кайыпчыга баргандар, / Алтымыш айры бугуну, / Атып алган жайы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Мындайча айтып турду эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →