мындай
- Ушундай, ушул сыяктуу, мына ушул өңдүү деген мааниде колдонулат.
- Бери, жакын, берирээк, бул жерге, тигиндей деген мааниде (көбүнчө отуруу, турууга карата) колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Лопнурдун чыгыш түндүгү, / Тообо-томук кылат дейт, / Ошондой өткөн жүргүнчү, / Чакмакташты Кетиркей, / Алдырып кетти Котенге, / Чакмакташ деген жер бар дейт, / Узун кулак укмуштуу, / Карылар айтат бул күндө, / Муну мындай таштайлы, / Жай таппаган Калдыктын, / Кармалганынан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кененимге былк этпей, / Туруп берип майданда, / Андестик керек эмеспи, / Аңкоолук кылбай мындайда!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Алты күн уктап күнү-түн, / Аскердин баары туруптур, / Эмики болор жумушка, / Алакең көңүл буруптур, / Аскерди жыйнап Алмамбет, / Айтты кебин мындай деп: / — Азыркысын зор душман, / Оркундун улуу суу деймин, / Күндү жайлап кечпесек, / Жан калбайт деп ойлоймун, / Азыр болуп баарыңар, / Ат-атыңды байлап ал!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Гүлчоро айтат мындай деп: / — Шариаттын кеби бар, / Тобо кылса кечет деп, / Тозок оту өчөт деп, / Жалганы жок ырас кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Мындай да эмес.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →