мында

китептерде 404 жолу, 10 китепте
  1. Ушул жерде, бул жерде, ушунда.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыш-кыштооңор аралаш, / Жай-жайлооңор чамалаш, / Жайы-кышы бөлүнбөй, / Жүрөсүңөр чамалаш, / Кымыз ичип козу жеп, / Санаасы жакын кадырнас, / Ирегең бирге эл элең, / Илгеркидей болсоңор, / Бекбача мында не келем, / Кырдуусуп Таңгыт кетпесең, / Кемсинип кыргыз калбаса, / Ким келет сенин айлыңа? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бир күндүк жолду үч күнү, / Бекер ачка бастым, деп, / Карайлап көзүм талды – деп, / Карыптык жанга батты” – деп, / Кайгы булут сүрдүгүп, / Хан досунан түңүлүп: / “Мында туруп нетейин, / Не мураска жетейин? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…Ордо башы Сетертай, / Асталай басып жетти эле, / Азыркысын коргондо, / Иш башкарган Керменбай, / Айтып турат Сетертай: / — Эр Гүлүстөн, хан Сейтек, / Күмбөздөн мында келерде, / Жумшадыңыз сиз мени, / Сен ордого баргын, деп, / Эси жок катын Чачыкей, / От койуп кокус жиберет, / Аңкаарыгын аны, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Мына мында тердигин салпактатып, жаман ээри менен бир ат качып келип, ушул коруктун дарбазасынан чыгып алып, жогору карай салды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Тулаң "өзүнүн, досунун этин жейин деген мында уят да, намыс да, досчулук да жок турбайбы" деп ачуусу келет: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →