мынакей

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Кандайдыр бир нерсе, көрүнүш, окуя ж.б. жөнүндө көрсөтө, белгилей айтуу үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Төрөсү менен ээрчишип, / Төркүлөп барсаң Каныкей, / Отуна кирип уулум, бар, / Ойлогону мынакей, - / Бай Жакыптан кеп угуп, / Кары-жашы тең угуп, / Токсон күндө тойлук бар, / Келин алам деп угуп, / Токтоно албай кыргыздар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Агадан ар качан, / Арка болот Каныкей, / Иниден бетер белсенип, / Иш бүтүрөт Каныкей, / Буларды көрүп кабылан, / Ыраазы болду мынакей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Семетей кайып кеткенде, / Башынан аккан кан менен, / Жаны майып кеткенде, / Мен шордууну тебелеп, / Кечиримди кескенде, / Айчүрөктү Кыйазга, / Тартуу кылып бергенде, / Бойунда барган, абаке, / Атын койдук Сейитек, / Төрөгөн бала мынакей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Абыке, Жакып, Көбөштү, / Семетей кылса жакшылык, / Каныкей, Бакай, Чыйырды, / Кантип тирүү койсун деп, / Көөнүңөргө албаңар, / Буурулду тарттым мынакей, / Бирөөң муну алыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кезекти кудай жеткизсе, / Келтирип кегип алдырар, / Акшумкарың мынакей, / Арстаным кетсең жолуң шар, / Алдыңдагы Чүрөктүн, / Айта турган арзым ал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →