мылтыктуу
- Мылтыгы бар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Чабыша келсе баары бир, / Чачпай баарын бир бөлгүн; / Чойулбай чокмор чапканды, / Чогултуп аны бир бөлгүн, / Очогорун октогон, / Милтесин кызыл чоктогон, / Мылтыктууну бир бөлгүн; / Колумсаны асынып, / Жаа тартканды бир бөлгүн; / Бөлүнгөн бойдон бөлүнгүн, / Бөлөк-бөлөк көрүнгүн, - / Деп ошентип Алмамбет, / Баарына айтты айкын…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мылтыктуусун бөлүнттүм, / Суудай канын төгүлттүм.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →