мылтык

китептерде 271 жолу, 10 китепте
  1. Ок чыгаруучу узун стволдуу курал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Беш жерде калың топ турат, / Жазайыл мылтык, жаа кошо, / Жайнатып төккөн ок турат, / Байкап көрсө белгиси, / Жалындап күйгөн от турат, / Жайы-кышы өчкүсүз, / Жайнаган кызыл чок турат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Найза, кылыч, чойун баш, / Кетелек менен сом темир – / Баарысын билет түгөнгүр, / Мылтык атып, жаа тартып, / Баарын билет Талана. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Адамдан келет сел каптап, / Аргымак аттар алкылдап, / Азаматтар үстүндө, / Ар кубулуп шалкылдап, / Белинде кылыч, ай балта, / Күн чагылып жалтылдап, / Жондо мылтык жалтылдап, / Доолбас үнү карсылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Найзасын сайып мылтыгын, / Көгүчкөндөй Кутургур, / Кара дөөнү ыргытып, / Найзанын учу жеткенде, / Чаң чыкпастын үстүнөн, / Калпактай ыргып кеткенде, / Копкунуң, деп коборуп: / — Армандуу болбой атка мин, / Мыкты болсоң эми кир! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошол убакта кайдан-жайдан экени маалымсыз: Сайды бет алдыра беш-алты ирет чуулдатып мылтык атылды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →