мылк

китептерде 19 жолу, 7 китепте
  1. Көбүнчө мылгыган, кандайдыр бир жумшак нерсеге бата түшкөн абалды билдирүү үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ри качырып, / Кимиси таамай сайалса, / Кетмекке шорун катырып, / Как өпкөгө чиктешип, / Алгыр бүркүт кептенип, / Ирмебей көзүн тиктешип, / Найза учу жетерде, / Мылгып кирип кетерде, / Найзага найза каңк этип, / Учунда темир жарк этип, / Сайдырбастан найзаны, / Найза менен кагышып, / Бели катуу эрендер, / Адистигин таанытып, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бул дагы көрдү өлүмдү, / — Өлбөгөндө неткени, / Шыпшайдар тарткан сур жебе, / Оң чекеге мылк деди, / Каптап душман дүр деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бөйрөктөн өтүп бул найза, / Табарсыкка мылк деди, / Томпойгон кертен эр Чанак, / Томолонуп шылк деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Айактай бол гон коргошун, / Айабай башка мылк этип, / Жыгылды жерге Сары хан, / Минген аттан жалп этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Найзанын учу мылк деди, / Дарбыздай башы шылк деди, / Теңден жаны бөлүндү, / Буда көрдү өлүмдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →