мылжый

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Тишин көрсөтпөй, мыйыгынан жылмайымыш болуу.
  2. Өтүмү жок, жоош болуу; бир ишти бүтүрбөй, эзилип жүрө берүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыргыздын турган бүт эли, / Мындайды мурун көрбөгөн, / Башын салды шалпыйып, / Калдык хандын аскери, / Ырсактап күлөт мылжыйып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…генде, / Өмүр жандын Кызылкыз, / Эч кишиге таанылбай, / Моңгул болуп дулуйуп, / Уссун болуп тулуйуп, / Шибе болуп чулуйуп, / Солон болуп кулуйуп, / Манжу болуп мылжыйып, / Кидан болуп дыңкыйып, / Канча түрдүү кубулуп, / Арасында кеңештин, / Бирге отурган болучу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ка, / Бурумдуу айла таба албай, / Эки этеги салбырап, / Ат сооруга жайылып, / Арка этеги далбырап, / Мойнун салып кылжыйып, / Өзү семиз неме эле, / Бети тердеп мылжыйып, / Күмбөздү көздөй бараткан, / Алдында кеткен Мөңкөтай, / Катын-эркек, кары-жаш, / Күллү кыргыз бараткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…/ Баш тартпаймын өлүмдөн, / Барды берем дегенде, / Арам сийдик бул доңуз, / Кара нээт болжогус, / Оозу ачылып ыржыйып, / Көзүнүн жашы кылгырып, / Уйалбай айтат мылжыйып: / — Жашырбай айтам билгенди, / Элдер айтып бергенди, / Мен билбеймин Бекбача, / Ушул жерге келгенди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →