мылгы
- Матырылуу, кирүү, сайылуу, батып кетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көк түпөк кызыл найзаны, / Көпчүлүккө мылгытып, / Найзага кирген немесин, / Көгүчкөндөй зыргытып, / Карчыганын балык эт, / Май куйрукка мылгытып, / Зор Бактыбай, Турумбек, / Кызык уруш салыптыр, / Кылычтан …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ап туруп Кененим: / “Өткөрө сайбай боорунан, / Кабылдай сайган экемин, / Энөөлүк кылып элебей, / Эл козголуп чайпалды, / Түбөлүк болуп ченебей, / Найзаны сайып мылгытып, / Көгүчкөндөй сыргытып, / Кете берсем ыргытып, / Эндекей элге убал, — деп, / Эми эле мени кырам, — деп, / Карапайым букара, / Ханы жарлык кылганга, / Калбай к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
кеткени, / Күрзүсү жерге киргени, / Ыкшап тартып алганча, / Баатыр көк жал жеткени, / Жата тургун эми деп, / Как өпкөнүн тушу деп, / Эти жок такыр колтукка, / Мылгытып найза жиберди, / Ылдамдап копшуп имерди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайра качар эр эмес, / Көрбөгөнбүз көп уктук, / Түп атасы Манасты, / Турушу андан кем эмес, / Көп экен деп калтаарбас, / Жалгыз кара бир башы, / Сан кишиден жалтанбас, / Кылычымды кол менен, / Карыга кагып ыргытты, / Кайра тарта берерде, / Майсооруга мылгытты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Капталга найза мылгытып, / Кан агызып чубуртуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →