мыктысын

китептерде 22 жолу, 6 китепте
  1. Өзүн кыйын, мыкты катарында көрсөтүүгө умтулуу, тыңсынуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Балыктардын баашасы, / Сагынкор салам бергенде, / Айкөлдүн коркуп каарынан, / Күйдаң дөө өлүп кеткенде, / Кылбырак, сексе элдери, / Жер жерине кайтканда, / Мыктысынган Татылда, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Кечикпей үйгө жетем, — деп, / Өөдө-төмөн кеп кылса, / Чаар ичигин жамынган, / Мадыбекти кекетип, / Жазайын колго берсем, — деп, / Алжан, алчын бир элек, / Эки уруктун ичинен, / Бөлүп турсам экен, — деп, / Анан мыктысынган Чигитей, / Карап турсам экен” — деп, / Ат айабай кайра чаап, / Айылына жете барыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Дабытай менен Ачакан, / Калдагай кулак Чойун алп, / Кол башкарган мыктысын, / Койбой баарын келтирди: / — Тайарлыгың кыл, — деди, / Тайар болуп тур, — деди, / Керней тартып чуу салып, / Сурнайдын үнүн чыгарбай, / Доолбасты урбастан, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Толгоо салып тарттырып, / Өзүнө койун айдатып, / Болгунуң деп шаштырып, / Айбаты бар жигиттен, / Айдалган элге баш кылып, / Эр-катындын ыктуусун, / Иш кылуучу мыктысын, / Келин-кыздын баарысын, / Боз уландын жамысын, / Жөөлөтүп айдап олтуруп, / Кангайга сүйрөп айдатып, / Эрлерин кул кылганы, / Күң кылып кызын алганы, / Өз жер… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бештен бөлүп он нарды, / Жаратып эки ат алды, / Абыл менен энесин, / Тон асылын кийгизип, / Ат мыктысын мингизип, / Жолдош алып жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →