мыкты

китептерде 210 жолу, 10 китепте
  1. Кыйын, абдан жакшы, сонун.
  2. өт. Атактуу, белгилүү, бийликтүү, чоң.
  3. Аябай, өтө, абдан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Комулдагы Таабалды, / Адам коркор эр ушул; / Турпандагы Турумбек, / Түбү уунун бири бу; / Манастагы Такырбаш, / Тап бергенин качырбас, / Анткен менен Такырбаш, / Өзү мыкты амал аз; / Жалгызектин Бактыбай, / Кан ичменин бири бу, / Бекбачадан кем эмес, / Белдүү баатыр мына ушу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ортодо Отор оолугуп, / Ойлонуп чочко олтуруп, / Он миң киши кол бөлүп, / Өзүнө кийин туруучу, / Он эки мыкты зор бөлүп, / Туйбасын деп Чигитей, / Бир кишини купуйа, / Түн ичинде узатып, / Медеркан кошо барат, деп, / Таласты көздөй жол берип, / Билбемиш болуп жатыптыр, / Жиберген киши алдыртан, / Медерканга айтыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бири мыкты жан экен, / Кеп айтканы шар экен, / Айткан кеби ал экен: / — Буйрук алып, кат алып, / Буудандан тандап ат алып, / Аттанып чыктык талаага, / Учурап калдык баратып, / Кененим аттуу балаага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Соолабанын тукуму, / Өз атасы Соорандык, / Өкүмөттүн башында, / Өңкөй Бейжин мыктысы, / Өнчөңдөп турган кашында, / Бөлүнүп жалгыз урушуп, / Он сегизден жашында, / Капсалаңдын суусундай, / Канды төккөн журтунда, / Баатырларга, баашага, / Баш ийб… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Найзасын сайып мылтыгын, / Көгүчкөндөй Кутургур, / Кара дөөнү ыргытып, / Найзанын учу жеткенде, / Чаң чыкпастын үстүнөн, / Калпактай ыргып кеткенде, / Копкунуң, деп коборуп: / — Армандуу болбой атка мин, / Мыкты болсоң эми кир! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →