мыкта

китептерде 64 жолу, 10 китепте
  1. Мыктылоо, мыкты, сонун түргө келтирүү, жакшыртуу, бекемдөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ага киши чаптырып, / Арпанын түзү жайыкка, / Беш күндө тайар болсун деп, / Абдан мыктап айттырып, / Алматыда ак кубак, / Токсондон жашы арткан чак, / Баатыры бар Курмушу, / Буга киши жиберди, / Таласта бар Татыбек, / Башында бар касиет, / Колуң менен жүр деди, / Саны болсун миң деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кырк миң торчу анда бар, / Колунда кыйма чынжыр бар, / Аларга мыктап жарлыгын, / Берип жүрөт Чынаача: / — Он миңден төрткө бөлүнүп, / Төрт баатырга барыңар, / Бирден тилди алыңар, / Келтирип туруп кыйамын, / Керилтип торду салыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бакайга карап Гүлчоро: / — Абамды бекер кыйнабай, / Көз жашын төгүп ыйлабай, / Кайратты мыктап кылгыла, / Кепти менден уккула, / Эр Гүлүстөн мындай деп, / Семетейдин айтканын, / Баарын айтып жиберет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Мыктаганы эки тешеге жетпеген жер айдоочу. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Конок чуңкурдун түбүндө калат, келин шып этип ордун оозун мыктайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →