мыкаачы
- Бирөөнү аябаган, ырайымсыз, жырткыч, өлтүрүүдөн кайра тартпаган киши.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Деп коржоңдоп мыкаачы, / Күн карарып, ай күйүп, / Аңтарылса жер асман, / Сезгенбеген Татылда, / Жер токтобой калтылдап, / Тоолор көчүп калдырап, / Канаттуу качып алдырап, / Жер силкинип жарылып, / Суулар агып жайылып, / Зил-зил болуп кетсе да, / Кыйшаңдоону билбеген, / Бул мыкаачы Татылда, / Манастын атын укканда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Татылда жаман мыкаачы, / Кылычтап канын чубуртту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Темирден тону беш кабат, / Тентектин бири кызталак, / Башында туулга жети кат, / Беттешкенин мерт кылат, / Алып жүргөн кан жалап, / Кара темир калканы, / Кабаты тогуз байкачы, / Барган жерден баш алган, / Бадырек өзү мыкаачы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кыйналды кылым мындагы, / Кысталак өзү мыкаачы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Темир уста өзүнүн досун жеймин деген мыкаачыны жоготоюн дейт да, үпүпкө:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →