мык

китептерде 49 жолу, 6 китепте
  1. Бекитип кагуу үчүн колдонулуучу, көбүнчө бир башы учтуу, экинчи башы бөрктүү кичинекей таякча металл; чеге.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…, / Ачып көздү жумганча, / Канчалап найза урулуп, / Найзанын учу түйрүлүп, / Балтанын сырты жарылып, / Кылычтын мизи айрылып, / Чарайналар чатырап, / Калкандын мыгы быдырап, / Чынжырлары үзүлүп, / Соотору жыртылып, / Соот тургай ичинде, / Буулумдары кырчылып, / Жең айрылып бурчулуп, / Жан алчу уруш башталып, / Күүгүм кирди… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алжан, алчын уруусун, / Аксакал менен жакшысын, / Айылды билген башчысын, / Кишиге жакын ыктуусун, / Тилге жакын шыктуусун, / Балта чабар мыктуусун, / Өзүнө тайын Мөңкөтай, / Чыкыртып алды үйүнө, / Мадыбектин айылына, / Аңдуучу киши койдурду, / Маданадан укканын, / Буларга айтып олтурду: / — Алжан, алчын –… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Дегеле айла болбосо, / Дабытай менен Кесилет, / Ачакан өлүп сойлосо, / Үйгө алып барайын, / Жамбашына мык салып, / Тамагына уу жайып, / Тындырармын санаамды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аскер жыйнап, кол алып, / Убара болуп барбайлы, / Наманген, Ошто кыргыз бар, / Жылдырып жылкы айдайлы, / Биз жылкысын алганда, / Манаска Кыргыз барбайбы; / Мыктуусуп Манас келгенде, / Бир амалын табалы, / Анжийанда жүз башы, / Маргалаңда миң башы, / Сынчыны колго алалы, / Камап туруп боз белге, / Келип калса Манасты, / Анан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Найза сайар ыктуулар, / Сайышка чыкчу мыктуулар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →