муңкан
- Кайгыруу, капалануу, муңдуу үн чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Торгойдун муңдуу үнүнө, / Муңканып айткан күүсүнө, / Кубулуп турган түсүнө, / Муз туруштук кылалбай, / Мөңгүлөр агып, кар эрип, / Эңкейип талдар бүгүлдү, / Өөдөлөп өспөй бой керип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…кырсаң да ал келбейт, / Манас эмес, мен ичпейм, / Аспады казан дебеймин, / Кош эмесе, калгыла, / Мен үйүмө кетейин, - / Каныкей кетти аттанып, / Көзкаман калды муңканып: / — Мен шек алып калдым келинден, / Нечен айтчу кептенип, / Токтоп калды тамшанып, / Тура берип айлында, / Кабылбайлы балаага, / Агытып койду аттарын, / Качал…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Семетей жүрөт куш салып, / Алда эмине шумдук, деп, / Кайран дөө турду муңканып: / — Кылганым бекер болгонум, / Каргышка кеткен чунак тоо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Муңканып карап турганда, / Канчоронун иттери, / Капыстан чыга келгени, / Байлап алып кеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Чыныбек тайлак болуп муңканып, эки көзүнүн жашын мончоктотуп төгүп, боздоп турду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →