муңдуу

китептерде 51 жолу, 10 китепте
  1. Кайгылуу, капалуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Торгойдун муңдуу үнүнө, / Муңканып айткан күүсүнө, / Кубулуп турган түсүнө, / Муз туруштук кылалбай, / Мөңгүлөр агып, кар эрип, / Эңкейип талдар бүгүлдү, / Өөдөлөп өспөй бой керип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Катындын үнү чыкканда, / Муңдуу үндү укканда, / Үйүндө жаткан уйку уктап, / Адылбек басып ал чыгат, / Айылга келип Адылбек, / Магдымды араң сооротту, / Манасты калмак угат, деп, / Бай Жакыпты… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Муңдуу кебин салышып, / Муңдашып булар канышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Береги биздин маңдайыбызда калың апийимде жүргөн үч дуңгандын бири, Бежинден чыкканы, кырк жылдан бери жаңы эсине түшүп тургандай кишинин жүрөгүн куйкалаган бир түрдүү муңдуу, каралуу, обон салып узакка созуп, ысык күндү калтыратып барып коё коёт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Анда аюу түлкүгө муңдуу кайрылат: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →