муңдаш
- Кайгы-зарын бирге бөлүшкөн сырдаш, кайгы-муңу бирге.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Азыркысын карабай, / Түпкүлүгүн ойлойлу, / Кыз алар болсо кыргыздар, / Жедигерге барышсын, / Кудалашып алышсын, / Куда болуп курчалып, / Кол кармашып муңдашып, / Сырдашып анан жанышсын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тебетейин кырдашып, / Теңтуштарын ырдашып, / Эки экиден бастырып, / Сыр чечишип муңдашып, / Он сегиз күн жол басты, / Эбегейсиз алдынан, / Ээн бир чөл капташты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эрен Чубак курдашты, / Сыр чечишкен муңдашты, / Өз жаныма алайын, / Түйүн чоку кароол жак, / Жолун тосуп калайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эки жыл өтүп арадан, / Баатыр келди деп угуп, / Ак калпак кыргыз чубашып, / Ачылып көңүл муңдашып, / Айкалышып чуулашып, / Эсен-соону сурашып, / Ата-эне менен көрүшүп, / Колдун учун өбүшүп, / Жаркырап жайнап күн чыкты, / Булбулдар таңшып үн салып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Муңдуу кебин салышып, / Муңдашып булар канышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →