муңайым

китептерде 8 жолу, 6 китепте
  1. Назик, сыпаа, жагымдуу.
  2. Токтоо, оор басырыктуу мүнөз.
  3. Кайгылуу, капалуу, муңдуу, убайымдуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ага жарашып, / Кемпири бар жанында, / Майы калың учадай, / Сыр алдырбай зымырап, / Ийи майда матадай, / Келини бар буларда, / Кездеменин жибиндей, / Поруму түз мунайым, / Булгаарынын ийиндей, / Теңтуштары келгенде, / Күлө сүйлөп каркылдап, / Кучакташып көрүшүп, / Жаш кезиндей шаңкылдап, / Эрежеден адашпай, / Биринен-бири кеп … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тууганды тууган билбесе, / Кишини көзгө илбесе, / Мунайым айткан кеби жок, / Такыр өкүм сүйлөсө, / Ашка бузук салбайбы, / Манас мында келгенде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кары катуу эл деген, / Намысын колдон бербеген, / Жаман айтпай бирөөнү, / Мунайым сүйлөп жүйөлүү, / Адамдык кепке сындырган, / Айыгыштан адамга, / Арылгыс жаман шор кылган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Көңүлү жумшак мунайым, / Көп жашаган карыдай, / Тарчылыгы кармаса, / Тартынып ал калбаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бир демге түшүнбөй жаткандай, энесинин жаш агып турган көзүн анда-санда жалдырап карап коюп, муңайым тартып Жумабек отурат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →