муңай

китептерде 71 жолу, 9 китепте
  1. Муңаюу, капалуу көрүнүштө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…кырчыны, / Ачык күнү чүмкөлдү, / Күн жаабай туруп бүркөлдү; / Шыргалаңдап суу тоңду, / Шыбыргак шамал суук болду, / Көк-жашыл чөптөр кубарды, / Сайрабай куштар муңайды; / Тал-кайың бойун кере албай, / Талаада жыгач уйалды; / Карагай, терек өспөдү, / Какшап калкы өксөдү, / Атактуу Кеңкол жети төр, / Ыраңы кетип өзгөрдү, / Тала… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
– деп, / Ачуусу келип арбайып, / Бузулуп өңү сурданып, / Өйдө болор дарман жок, / Жатыптыр Алмаң сулайып, / Көргөндө Алмаң Бакайды, / Айтканы бул муңайып: / Айланайын абаке, / Кулжаны атып кулаттым, / Качырбай аны сулаттым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жетелеп элден чыгарып, / Буруул менен бурулуп, / Муңайып өңү бузулуп: / “Баласы Сартбай турмайлык, / Атасы Сайып алганым, / Каарым менен качырып, / Учурайын арбагын, / Манастап ураан чакырып” / Камбыл тууган абакең, / Катуу тийди жапырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Өңүндө кызыл каны жок, / Оорубай туруп мунайды / Кең Таласын ошондо, / Кейпи кетип кубарды! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Эр өлтүрүп, күнөөлүү болгон немедей, башын жерге салып, муңайып отурган дуңганга олунуп, стражник: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →