муштумдай
- Кичинекей, кичирээк, анчалык чоң эмес, муштум сыяктуу.
- Шишип чыккан абалды, томпойгон көрүнүштү билдирүү үчүн колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ “ Ырыскан менен Кубатай, / Буларды карап турамбы, / Көмө чаап алайын, / Кыргыздан келген кыйынсып, / Тээ муштумдай болгон баланы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Көкчөнүн сөөгүн узатып, / Муштумдай болуп эки көз, / Шишип чыкты кызарып; / Кейип Алмаң бек ыйлап, / Денеңде бирге башың жок, / Убалым менде, деп ыйлап, / Ойрон Алмаң досу үчүн, / Ого бетер жан к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Он эки жыл зор Бакай, / Керүүгө салып төө бакты, / Унаа минбей жөө бакты, / Ыйлап жүрүп сени деп, / Муштумдай көзү шишиди, / Аарчый албай чылпакты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кармап тартса кандагай, / Аргамчыдай чойулган, / Койо берсе кандагай, / Муштумдай болуп жыйылган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ал кезде муштумдай балабыз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →