муштум

китептерде 34 жолу, 7 китепте
  1. Колдун муштоого ылайыкталып манжалары жумулган абалы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бирге жатып, бир копсок, / Бирге басып, бир турсак, / Эңкейген эчен кары бар, / Эмгектенген жашы бар, / Кызыл муштум бала бар, / Кызыл ээк жана бар, / Калың кыргыз элинде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…өрүнүн жээгине, / Сүрө кочуч туз толуп, / Уккан- көргөн кишиге, / Бир укмуштуу иш болуп, / Камчы менен салышып, / Жаагын жара чабышып, / Колтуктарын чойушуп, / Муштум менен койушуп, / Алы кетип шай калбай, / Акакташып соолушуп, / Жакалашып тартышып, / Олпокторун булушуп, / Койо бербей тырмышып, / Кемердей толгой кармашып, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кыргыздын элин чуулатып, / Катын-кызын олжо алып, / Жаш балдарын ыйлатып, / Калганын айдап чубатып, / Кызыл муштум балдарын, / Кырчынга тизип аспасам, / Кызыл ээк карысын, / Кылыч менен чаппасам, / Бооз катынын жарбасам, / Кылгылыкты кылбасам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кыйынчылык күн келип, / Кызыл ээк чалдарга, / Чыркырап ыйлап жатабы, / Кызыл муштум балдарда, / Агып сүтү дирилдеп, / Жаш эмчектүү жандар да? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
— деп анын сөзүн айтып бүтүрбөй муштуму менен столду коюп калып, ызырынып. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →