муштагыла
- Кайра-кайра муштум менен уруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Пристав далилдешип, чындыкка келүүнүн ордуна, түгүн сыртына жыйнап, ачууланып тактайды муштагылап:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Баатыр болсо бир бейиттин жанына барып муштагылап жыгачты алып, бир тең отунга жеткирип, бутун үзөңгүгө саларда, ууру кыйкырыкты салып:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →