муш
- Муштум.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аны менен түгөнбөйт, / Атайлап кулак салыңар, / Колдоочуң жанда бар болуп, / Көрүнөө Кызыр жар болуп, / Ак туйгун болсо кушуңуз – / Душманга тийип мушуңуз, / Күлдү жооңун баарына, / Күндөй тийип табыңыз, / Көңүлү мейип багынып, / Күлдөгөн экен багыңыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айтканың элге дайындуу, / Азамат кетти жалындуу, / Анты-шертин тапшырып, / Акырегин жаш кылып, / Чыгарында соо койбой, / Мойундарын узартып, / Билегин түрүп муш атып, / Канжарын шилтеп канчасы, / Кылычын урду анчасы, / Ушундай кетти Алмамбет, / Каар көрүп ханынан / Калк бийлеген баарыңан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сайраганың сүйбөйүм, / Тийгендей болот катуу муш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →