муузда

китептерде 41 жолу, 8 китепте
  1. Тамагынын, мууздоонун астынан кекиртегин кесип союу, өлтүрүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алдырып келип мууздатып, / Шайыктарга карматып, / Камчысын салып мойнуна, / Чылбырын кармап колуна, / Күмбөзгө карап сыйынып, / Эки колу боорунда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Темир шааны Шоорук хан, / Эбин таап койуптур, / Шоорук ханды Таласта, / Курман кылып чунагың, / Мууздап аны койуптур, / Мөңкөтайың байлоодо, / Сен барасың, Медеркан, / Айлаң кетип айдоодо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Сууруп алып канжарды, / Мууздап пилди салганы, / Пил менен жүрүп кармашып, / Билбей өзү калганбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Таласка Жакып барганда, / Бир көзүңдү олойтуп, / Бир жагыңды чолойтуп, / Кененимди баш кылып, / Мен дегенди кошултуп, / Чоң чарага мууздатып, / Канга камыр жуурутуп, / Бооруңду майга куурутуп, / Ысуулай жүрөк каныңды, / Эки ууртамдан чубуртуп, / Каратып туруп кыргызга, / Как ошентип жебесем! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ «Барбаймын» — деп айта албай, / Баланын көөнүн кайтарбай, / Бастырып кетти Семетей: / «Ылдамыраак желели, / Атага арнап, мал мууздап, / Эртерээк кайта келели». Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →