мусулман
- Ислам динин туткан адам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аттанып үйдөн жөнөйүн, / Эл аралап, жер чардап, / Ат жетер жерге барайын, / Капыр менен мусулман- / Ай менен күндүн кулагын, / Тийиштирип экөөнү, / Тамашага канайын, / Атактуу Манас көк жалды- / Айкөл шерди баш кылып, / Алты эске алайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жээн жайлоонун түзүндө, / Кылып кеткен күнөөңдү, / Ошо күнү кечирип, / Козголбой үйдө сен жаттың, / Көп калбаны сен таптың, / Кыйаматта кантээрсиң, / Капыр менен мусулман, / Кызыл канын көп чачтың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Баштап аны койбоймун, / Мусулман болгон бүт азыр, - / Энемдин угуп бул кебин, / Кеңдемеде аттардан, / Алтыны алып келгемин, / Мени менен жети жан, / Атка мине камынып, / Бастырып чыга бергенде…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Батадан бүткөн башында, / Көкөтөйдүн ашында, / Капыр менен мусулман, / Көпчүлүктүн кашында, / Так Сулайман үңкүрү, / Семетей тирүү азыр да.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Олуйзаада Кошойдун, / Батасынан бүттү эле, / Мусулманга теңелип, / Каапыр колун көтөрүп, / Катасынан бүттү эле, / Айкөл Манас баатырдай, / Атасынан бүттү эле / Үйдө угам мен кары: / “Өлтүрүп Кыйаз, Канчоро, / Өлүгүн…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →