мусап
- Ислам дининдеги бир тармак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Байкап көрсө Кененим, / Алты лаама бир-бирин, / Алдыртан аста тиктешип, / «Алдадык муну биз, — дешип, / Энөө киши турбайбы, / Сөз сурабайт шүк» дешип, / Күлүңдөшүп калышып, / Козголуп койсо Кененим, / Баштарын жерге салышып, / Мусапыр болуп алышат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ “Темирбекке барбайлы, / Тирүү деп укса Темирбек, / Айдап барып дагы эле, / Чоң урушка салбайбы, / Балаага антип калбайлы” / Калпа, чечен, эшени, / Караңгыда дүбүрөп, / Мурундарын коңкойтуп, / Мусапырсынып бүжүрөп, / Кененимди табышты, / Кебин айта салышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Анда бала сүйлөдү, / Өз жөнүнөн кеп ачып: / — Мусапыр болуп, Акебай, / Жүрүптүрсүз жөө басып, / Өзүм кыргыз элинен, / Туругум Кеңкол жеринен, / Атамдын аты Торсолдой, / Ыйлап жүрүп өзүнчө, / Сокур болду көрө албай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Мусапыр энем сен турсаң, / Бурулуп кайдан жатайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Аны көрүп Сомбилек, / Эки көзгө жаш алып, / Мусапырлык жолунда, / Ыйлоого кирди муңканып: / — Жараттың, кудай, жан кылдың, / Ата-энемден тең айрып, / Жал-жал карап жалтанган, / Жетимдикте зар кылдың, / Бүрдөп турган чагыңды, / Кең дүйнөнү тар кылдың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →