мусаапыр

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Эл-жеринен азган, бечара, карып адам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Этек жеңи кырчылган, / Сан-сан болуп жыртылган, / Кара сууга кан куйган, / Мусаапырсынып отурган, / Дубана сымап жандардан, / Мындайдан канча камдаган, / Жаш агызып тургандан, / Жандай чуркап ыйлаган, / Келе жаткан жолуна, / Томолонуп жаткандан, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Күн ысып, тери жошулуп, / Мусаапырлык түшкөн кез, / Муңайып көңүлү бузулуп, / Кабагынан кар чыгып, / Мурутуна муз туруп, / Ачкалыктан Алмамбет, / Кабышып карын турган кез. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Чет жерде туткунга түшкөн адамдай бирөөнүн көзүнө карап, мусаапыр болуп, мен калдым. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Мусаапырлыктын барып турган муңдуу кейпине түшүп, салбырап: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →