муршап

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Түнкү кароолдун башчысы.
  2. Желдет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Найзанын куусу зыңырап, / Куйун ойноп бурулгуп, / Чыгышты карай созулду, / Бастыргын деди мени, деп, / Бекбача баатыр чуу койду, / Кабар берип муршаптар, / Жер бетине чуу болду, / Ар бир түркүн кеп тарап, / Ааламга бүтүн дуу болду, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айылы чукул баатырды, / Келиңер, деп чакырды, / Алыстагы чорого, / Алты муршап чаптырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →