мурчуй
- Тултуюп кабагын салуу, жактырбоо, көңүл бөлбөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Буйругуна баш ийип, / Чынгышка келди жулугуп, / Жооп бербей далайга, / Чынгыш турду чулуйуп, / Оордунан туруп мултуйуп, / Кыр көрсөтүп мурчуйуп, / Үрөйү суук неме экен, / Эки бети тултуйуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Чуркураган кеп угуп, / Ламга оозу барбаган, / Калмактардан жеме угуп, / Арка жагын карады, / Ал Чиктей хан мурчуйуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сен экөөбүз түшкөн соң, / Бир чыныга суу келет, / Бир чыныга уу келет, / Сууну мага сунганда, / Мен жутуп ийем мурчуйуп, / Сыр чыныга уу келсе, / Төрдө отурган чоң атаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бара түшүп, иренжиген түр менен чыгыш жакты мурчуюп бир карап алып:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
— деп сөз кезеги келбеген жерден кошулуп, адатынча мурчуюп, тескери карап кетти.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →