мурч
- Тамак-ашка татымал катарында колдонулуучу тропикалык өсүмдүктүн тилди ачыштырып, дүүлүктүрүп жиберүүчү майда тоголок даны.
- өт. Жанга тийген, күйгүлтүктүү таамай айтылган курч сөз.
- өт. Курчтук, кайрат, күч.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кундуз артып, чай артып, / Түрдүү мурчун дагы артып, / Кепереч, сымап дары артып, / Киргит, дөбөт, ташмалык, / Буудай алып кетем, деп, / Индинин эли чубалган, / Борошодо белде өлүп, / Түтөк алган жерде өлүп, / Белден ашчуу пенденин, / Азы калып, көбү өлүп, / Индилер минтип куураган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ — Келе бери, баатыр, — деп, / Кеп көбөйүп жатыр, — деп, / Анжидандан алдырган, / Сагаса күлүн салдырган, / Калемпирге сулаган, / Карам мурчка буулаган, / Тарткан адам дуулаган, / Абайлабай тартканда, / Ат үстүнөн кулаган, / Жан чыктын чакча, / Суурушуп жанашалып турушуп, / Алып барып кай бирөө, / Алмамбетке сунушуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аркар оту, бозунач, / Мамыры менен шыралжын, / Дары чөптүн баары бар, / Жыттаса жыты буркурап, / Кайнатып ичсе желди айдап, / Кара мурчу жана бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…, / Чойгон камыр чубалган, / Самса менен катырма, / Кирде менен ак токоч, / Андай аштын түрү кеп, / Чайнекке салган балы бар, / Демдеген кызыл чайы бар, / Кара мурч, кажо, калемпир, / Тамагында дагы бар, / Кашкардын кызыл мыйазы, / Бар тамакта даамы бар, / Дасторконго койгон аш, / Алтымыш түрчө чагы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ушул бир күнү түнүчүндө тамак-аш коюучу тамынан мурч алып кел деп мени жумшады.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →