мурут2
- Үстүнкү эринге чыккан кыл.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Муруттарын сербейтип, / Эр өлүгү ар тоодой, / Азууларын аркайтып, / Ат өлүгү бир тоодой, / Жарадан каны шыркырап, / Жан талашып буркурап, / Өөдө бол деп жөлөсө, / Көз ача…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Муруту чыгып келе аткан, / Керилген жаадай улан көп, / Атка бергис кунан көп, / Кызга бергис жубан көп, / Жасалгалуу үйү көп, / Салтанаттын түрү көп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сүткө кошуп Айчүрөк, / Как ушундай дарыдан, / Кулагына тамызып, / Көзгө сыйпап жиберип, / Сулумсур деген жоолук бар, / Артына аарчып имерип, / Аңгыча Бакай абаңыз, / Кыл мурутун сылады, / Сылап кайра тарткыча, / Бир мурут чыга калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Муруту балта сабындай, / Көзүнөн чыккан учкуну, / Көөрүктөн чыккан жалындай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Баланын курсагы ачып, кайда барарын билбей, көчөнүн боюндагы теректин түбүндө алсырап отурса, бет алдынан аргымак ат минген, сонун кийинген, мурутун чыйраткан мырза жигит бастырып өтүп баратат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →