мурунтук
- Уйду жетелөө үчүн чүлүгүнө өткөрүлгөн жип.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мурунтугу алтындан, / Буйласы жибек чалынган, / Ар бир нарга аземдеп, / Түрдүү килем жабылган, / Коңгуроолуу нар келди, / Колбуган куржун зар келди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Ошентсе да көп коё-бу, бир кезде Байболотту жабылып кууп жетип, желенин жанына алып келип басты эле, бир уй үркүп кетип, мурунтугун үзүп алды...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →