мурунтан

китептерде 51 жолу, 9 китепте
  1. Баштатан, мурдатан.
  2. Алдын ала.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бузулмак ичтен биздерге, / Мурунтан калган нарыктыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…п имерип, / Кан куйгандай кызарган, / Керебе сары сакалды, / Жулкуп кармап сыланып, / Каалгадай кашка тиш, / Маңдайынан кылайтып, / Кененим турду муну айтып: / Мурунтан калмак, адатың, / Алдап туруп амалдап, / Чыр тапмак ата санатың, / Айтканыңча бар экен, / Падыша баатыр Манастын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Манасты билет мурунтан, / Жан чыгарат айбаттан, / Уу ичкендей карарса, / Өлүп кетет далай жан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Бир жыл өтүп кетиптир, / Жыл айланып жетиптир, / Кутубайдын Кара дөө, / Жетисууда жата албай, / Кайыпчыда мурунтан, / Кайберендин кени бар, / Жерин чардап, эл чардап, / Тамаша кылып сайрандап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Неченди көргөн мурунтан, / Тартынбай турган кыйын бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →