мурунку
- Баштагы, мурдагы, өткөндөгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чаңбейсендин чыгышы, / Деңиздин бойун жердеген, / Чарба баккан эл экен, / Мурунку жүргөн кишилер, / Качкын кыргыз дээр экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
кетип Дабытай, / Баш айланып тел болуп, / Эшитер кулак кер болуп, / Эт жүрөгү чер болуп, / Качамын деп качалбай, / Чыгамын деп чыгалбай, / Коросондун элине, / Мурункудай ээ болуп, / Калдайып карап туралбай, / Аманат жанга күч келип, / Минген атын камчылап, / Алчыланып барганда, / Баш калкалап мааналап, / Барбай койор айла жок, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Мурункудай сурданбай, / Сурап ийди сөзүн жай, / Түшүндө көргөн иштерин, / Чыйырды айтты жашырбай, / Калтырбай алды катынын, / Алачыгын кошо артып, / Айлына барды акырын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бакай айтат ошондо: / — Мен билүүчү кеп болсо, / Баарыңарга эп болсо, / Сейитек элдин жүрөгү, / Гүлчоро элдин тиреги, / Ак калпак кыргыз эл калбай, / Гүлчоро келер бекен деп, / Күндө тилек тиледи, / Керменбайга мурунку, / Семетейдин барында, / Гүлчоро ордун берели.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Кандын баласы күндө келип, баягы мурунку аялына кордук көрсөтө берет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →