мурундан

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Кимдир бирөөнүн же айбанаттын мурду сыяктанып кетүү, окшоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…/ Ачуу келип алаңдап, / Баатырдын бойу кылчылдап, / Азуулары качырап, / Көздөн жалын чачырап, / Жебенин огу зыркырап, / Найзанын күүсү куркурап, / Кол ыштыктай мурундан, / Түтүн чыгып буркурап, / Кезек менен кээри жок, / Чынар менен Мураттын, / Эрдигинин чеги жок, / Биринен бири жазганып, / Тартынып калар жери жок, / Карсылдаш… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мурундан агып чубуруп, / Карап турган көпчүлүк, / Коркконунан кудайлап, / Качканы да кудай дейт, / Кууганы да кудай дейт, / Жер бетине маалым кеп, / Кош колдоп кармап ж… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
— деп, / Үнүн элге угултуп, / Мурундан чыккан жүнүнө, / Муштумдай чалма уйутуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Көрүп турду өз көзүм, / Ал Сейитке кудайы, / Алда канча күч берди, / Сүздүрбөстөн керикти, / Мурундан толгой кармады, / Такаңдатпай таманын, / Эки колун көтөрдү, / Жерге баса тартканда, / Керктин мойуну бүктөлдү, / Чанак өлдү дардайып, / Керки өлдү тартайып, / Качып келе жатамын, / Көргөнүмдү сага айтып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Унутуп калган Гүлүстүн, / Эсине сандык түшкөнү, / Бешөөнүн башын үзгөнү, / Экөөнө чама жетпеди, / Тооторуга жеткени, / Экөө эки мурундан, / Ичине кирип кеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →