мурун2
- Башта, өткөн учурда, илгери, мурда.
- А дегенде, ириде, озунуп.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мурун сенин белиңе, / Оролгон экен сур жылан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кеңгиреп ыйлап ар кайда, / Чогулуп өлүп алалбай, / Казып жерге кире албай, / Өлөйүн десе жан таттуу, / Кирейин десе жер катуу, / Ыйлабаса мал таттуу, / Таттуу эмей неткени, / Көрүшпөгөн көрүшсө, / Аманбы деп мал-жаның, / Мурун айтып мал жагын, / Ал сураша кеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ашыктырып катынын, / Болгун ылдам, куйгун, — деп, / Атама мурун сунгун, — деп, / Өзүм туурап ийейин, / Кийиктин боорун куургун – деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эрекче мунун кызматы, / Кыйаз мында келгенде, / Кабарды мурун айтканы, / Ырас чынын айтканда, / Таластын тузун актады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бул экөөбүз мурун тааныш элек.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →