мурдар
- Арам, булганыч, ыпылас.
- Тарп, өлөксө.
- Бузук, өлүксүз ж.б. маанилеринде кемсинтип тилдөөдө да колдонула берет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Болбой калган мал экен, / Күч келтирип сайышта, / Жыгылып калар чагы экен, - / Деп Кошойдун сын берип, / Айтканы таамай так экен,- / — Билбей калган экенмин, / Мурдараакта ой таппай, / Мына калдым ушинтип, / Минерине ат таппай!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
– деп, / Көкчө сурап калганы, / Төрдө турган төрөлөр: / — Мурдар кул түпкө жетти, — дейт, / Мурасыңды талкалап, / Өлтүрүп таштап кетти, — дейт, / Кадырман болгон качкын кул, / Калмак түпкө жетти, — дейт, / Абабызды өлтүрүп, / Анан жолго түштү!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кейишти тарткан чагың бу, / Келтирейин атыңды; / Ай караңгы түн болсо, / Туман баскан жылчыксыз, / Жер көрүнгүс күн болсо, / Кулагынын шамы бар, / Тумшугунун үстүндө, / Нокто кескен тагы бар, / Мурдараак минбей чалгынга, / Буулугуп турган чагы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →