мурдагы

китептерде 23 жолу, 4 китепте
  1. Мындан мурда болгон, мындан мурунку, баштагы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Карап туруп Кененим, / Сейитим менен Кылжыке, / Мурдагы өткөн алптардын, / Арбагына ататып, / Жеңдей жээрде Телкүрөң, / Биссмилла деп мууздатып, / Кестирип алып баштарын, / Мазарга башын чыгартып, / Эки күлүк күрөңд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мурдагыдай көп ирет, / Салам айтып Алмамбет, / Салды башын ал үйгө, / Алмамбет үйгө киргенде, / Жалпы турду дүрбөшүп, / Саламга алик алышып, / Апкаарыша калышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…өргүс жөө болуп, / Нечени бар андайы, / Дуудуу менен доотайы, / Эсептеп адам билгисиз, / Кара Черүү калганы, / Эсен ханды көргөндө, / Кечилдин ханы Коңурбай, / Мурдагыдай жүгүнбөй, / Таазим кылып бүгүлбөй, / Өрт көрүнүп көзүнөн, / Өктөсү чыгып сөзүнөн, / Каадалап ханын жатпады, / Каарлуу сөзүн баштады: / — Капкайдан келип алашта… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айчүрөккө Сейтек, / Анда мындай айтат кеп: / — Жаман эмес абакем, / Жакшы болду семирип, / Өтө сулуу нурлуу бет, / Жайнап чыкты керилип, / Жер баспай турат Суркойон, / Мурдагыдай элирип, / Сыр алсамбы Таластан, / Абамдын өзүн жиберип? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ал эми баланын колу болсо, өзүнүн мурдагы калыбында турду. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →