мурда

китептерде 106 жолу, 9 китепте
  1. Оболу, мурун, илгери.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мындан мурда мындайды, / Кабылан тууган Бекбача, / Көзү менен көрбөгөн, / Көрмөк түгүл укпаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мурдатадан ойлогом, / Болорун жумуш болжогом, / Алты жылдан бер жакка, / Кардыгачтын ичине, / Жан бастырбай койгомун, / Жаш жыгачын чоңойтуп, / Кыйдырбастан коргодум. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мындан мурда бул жерге, / Бей чеки киши келбеген, / Келип калса адашып, / Тирүү кайта кетпеген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жүзүмдү киши көрөт, деп, / Башынан барда албаган, / Кишиге көзүм тийет, деп, / Сарапча көздөн албаган, / Кузуруна каласың, / Булардан мурда сен барсаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бала кубулуп куш болуп, атасынан мурда үйүнө келди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →