мунарыкта
- Боз түшүү, мунарык тартуу, мунарлануу.
- Көз тунаруу, көрүнбөй калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…жаа тартып, / Мөндүрдөй кылып ок атып, / Жебенин огу зыркырап, / Кулак жарып чуркурап, / Асман-жердин ортосу, / Жалындаган кызыл чок, / Боздоп учат аткан ок, / Мунарыктап боз болуп, / Токтоно албай тоолорго, / Дирилдек кирди козголуп, / Кулагы тунуп кайберен, / Оттой албай топ болуп, / Тунарык кызыл көрүнүп, / Шамал чыкса артына…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…үт элге, / Жапырт баары жөнөдү, / Жазайыл атып, жаа тартып, / Очогор менен ок атып, / Жер куйкалап топ атып, / Алай- дүлөй тарсылдак, / Жан алуучу барсылдак, / Мунарыктап топурак, / Асман ачык, жер бүркөк, / Жерге кирди сүлкүлдөк, / Жебенин огу зыркырап, / Барабан үнү зыңкылдап, / Баш аламан чуркурак, / — Эми кайда барасың, / Кы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Ал кайериң Алмамбет, / Кабарың айтчы сен ошо?- / Алмамбет анда кеп айтат: / — Баарың көрдүң, үч баатыр, / Байкап уккун деп айтат, / Булуң тартып бурчтанган, / Мунарыктап урчтанган, / Дөөлөр менен беттешкен, / Күч ортосун чектешкен, / Чепечеп шаанын шаары ошо, / Кытайга бери аралаш, / Айтылып калган кеп ошо; / Бир карасаң агарып…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ошол кезде карасаң, / Чыдай албай көк асман, / Булуту жок бүркөлүп, / Мунарыктап чүмкөлүп, / Карыш жерге көз жетпей, / Капкара болуп түмпөйүп, / Үп этип бетке билинген, / Үшкүргөн шамал жел чыкпай, / Жан-жаныбар жыйылып, / Көзүнөн жашы төгү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кып-кызыл болуп боз түшүп, / Мунарыктап алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →