мунарык
- Боз, айлана ачык болбой мунар басып, бозоруп турган абал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Топурак учуп боз болуп, / Тоо токтобой козголуп, / Таш быркырап түз болуп, / Баш аламан барсылдак, / Алай-дүлөй карсылдак, / Мылтыктын үнү тарсылдап, / Боз мунарык кызыл чок, / Боздоп учат аткан ок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чай чыны кармап булайып, / Кыйгачтап суна бурулуп, / Агарып чети кылайып, / Абай кылып байкаса, / Токтобойт көзгө таанылып, / Буулу жаандай мунарык, / Кызмат кылыш андайда, / Кыз балдарга ылайык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Сыйкырчы шамал салыптыр, / Кененимди бир демде, / Мунарык каптап калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Күндүн мурду чачыла, / Боз мунарык жазыла, / Серепчелеп Ажыбай, / Маңдай жагын караса, / Кең көчпөстүн токойдо, / Тоодой тору аты бар, / Толгомо саптуу камчы алган, / Колунда конгон кушу бар, / Ээрчиткен тайган ити бар, / Артында жүргөн эрчишип, / Албан-дубан киши бар, / Куш жайылып токойго, / Келген экен эр Кошой.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Боз мунарык жер чаңдап, / Топурак учуп тумандап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →