мунара
- Баш жагы кууш келген, бийик салынган курулуш, бурана.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыйаз элден кеп угуп, / Мунаранын башына, / Алдырып чыкты Чүрөктү, / Бардасын алып башынан, / Барлык элге көрсөттү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
…рүн алышып, / Көк бөрү тартып дуулдап, / Баш аламан чуулдап, / Бабырашып турганда, / Кернейдин үнү угулуп, / Ызы-чуу болуп калың журт, / Келип калды чогулуп, / Мунаранын башына, / Чыкты Кыйаз чойулуп: / — Баласын алып Айчүрөк, / Менин келсин жаныма, / Торко тондон бирди ылгап, / Ала келсин колуна, / Биз акына берели, / Ким ат к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Айтып Кыйаз үксөйүп, / Арпадай бети түктөйүп, / Мунаранын түбүндө, / Көчүк койуп олтурчу, / Таштан ойуп жасаткан, / Таш орунга олтурду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
– Макул, – деп кандын вазири үч каздын артынан чаап бара жатса, мунарада чыгып турган кандын кызы көрүп, вазирди чакырып:- Эмне чаап бара жатасың?
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →